БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ: «АЙМАКТЫК КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КОЛДОО КөРСөТүЛөТ»

  • 20.06.2021
  • 0

Аймактык кесиптик окуу жайларда заман талабына ылайык адистиктерди ачып, гранттык орундарды көбөйтүү зарылдыгы бышып жетилди. Мындай пикирин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн жолугушууда аталган окуу жайдын ректору Аскар Иманбаев билдирди.

 

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ: "АЙМАКТЫК КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КОЛДОО КөРСөТүЛөТ"

Анын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган абитуриенттерди аймактык окуу жайларга окууга тартуу үчүн алар каалаган адистиктерди ачуу зарыл. «Мисалы, жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 балл алган абитуриент биздин университетибизге келбейт, анткени ал программист, логист сыяктуу техникалык багыттагы адис болгусу келет, а бизде андай адистиктер жок, көбүнчө педагогикалык адистиктер боюнча кадрларды даярдайбыз. Эгер министрлик жаңы адистиктерди ачууга уруксат берсе, сапаттуу кадрларды даярдоого университеттин профессордук-окутуучулук курамы бүт күчүн, билимин жумшайт», — деди ректор. Анын сөзүн жолугушууга катышкан Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев да кубаттады.

«80 жылдык тарыхы бар Ысык-Көл мамлекеттик университетинин потенциалын туура пайдаланып, учурда суроо-талап жаратып жаткан заманбап адистиктерди ачып, керектүү адистерди даярдоого шарт түзүлсө, аймактын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган кадрлар өзүбүздөн эле чыкмак», — деди ал.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ: "АЙМАКТЫК КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КОЛДОО КөРСөТүЛөТ"

Ошону менен бирге Мирбек Кожоев университетке абитуриенттерди көбүрөөк тартуу үчүн жогорку окуу жайга кабыл алуудагы босого баллды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү Билим берүү жана илим министрлигинен суранды.

Өз кезегинде Болотбек Купешев мындан ары аймактардагы билим берүү уюмдарына, анын ичинде аймактык кесиптик окуу жайларга жетиштүү колдоо көрсөтүлөрүн убада кылды.

Ысык-Көлдөгү иш сапары учурунда министр Каракол шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери менен да жолугушуп, мамлекеттик билим берүү стандарттары, билим берүүнүн сапаты жана коомдун руханий өнүгүүсү боюнча пикир алышты.

Андан соң райондук мамлекеттик администрация башчылары менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы маселелер тууралуу сүйлөштү. Иш-чаранын соңунда Купешев акимдерди инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө биргелешип иштөөгө чакырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер