БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕР УЯДАН УЧУП ЖАТАТ…
- 05.06.2024
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин бакалавр даражасына ээ болуп жаткан студенттердин бүтүрүүчү кечеси уюштурулду.
Маалыматка ылайык, иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат, ата-энелер жана студенттер катышты. Окуу жайда төрт жыл билим алып, узап бараткан студенттер окутуучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтып, соңку ирет студенттик сахнада таланттарын тартуулашты.
Мыкты окуу менен, коомдук маданий, спорттук иш-чараларда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн бүтүрүүчүлөр сыйланып, ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.
ОшМПУда билим алып, ары таттуу, ары шаттуу алтын студенттик курагын өткөргөн ар бир бүтүрүүчүгө Ак жол!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер