“БОЛОЧОК МУГАЛИМ”: МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫН КӨТӨРГӨН ДОЛБООР

  • 25.10.2022
  • 0

Жакында “Чырак” фонду “Болочок мугалим” стипендиясына талапкерлер менен интервью өткөрдү. Айлык 8000 сом болгон стипендияны алуу үчүн 266 студент анкета толтурган болчу. Алардын ичинен 57 талапкер 2-турга интервьюга чакырылган.

“БОЛОЧОК МУГАЛИМ”: МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫН КӨТӨРГӨН ДОЛБООР

Бакытбек Абдуллаев ФБ баракчасына долбоор тууралуу маалымат берди. Комиссия курамындагы Чынара Термечикова, Дүйшөн Шаматов, Асылбек Жоодонбеков, Айдай Койчуманова, Азамат Догтурбеков, Эрмек Темиров, Жайлоо Мамытбеков, Бакытбек Абдуллаевдер интервьюге келген студенттерге  окуган мектеби, ата-энеси, өзү  тууралуу,  педагогикалык факультетти эмнеге  тандаганын, эмнеге мугалим болгусу келгени, кайсы күчтүү сапаттары бар экенин айтып берүү,  кемчиликтери, эмне кылган жагат, эмне жакпайт,  акыркы окуган китеби, качан окуганын, ал китеп эмне жөнүндө экенин,  окууну аяктагандан кийинки пландары, мектепте иштеп калса, кандай нерселерди жасамак, эмнелерди өзгөртмөк жана өзүн он жылдан кийин кандай көрөт элең сыяктуу суроолорду берип, жооп алышты.

“БОЛОЧОК МУГАЛИМ”: МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫН КӨТӨРГӨН ДОЛБООР

— Долбоордун расмий жыйынтыгы 25-октябрда талапкерлерге билдирилет. Комиссия мүчөлөрү он баллдык система менен баалап, орточо баллы сегизден жогору алган он талапкерди гана стипендия алуусу туура болот деп чечти. “Чырак” фонду быйыл 20 студентке стипендия берүүнү пландаштырган. Менин жеке баамымда, мугалим болуу дымагы бар студент жогорудагы суроолорго берген жооптон эле билинип калат экен. “Сууну сиңген жерге сеп” дегендей, он эле студентке стипендия берүүнү туура көрдүк. Мугалим болуу үчүн ЖРТ баллы да негизги критерий боло албайт экен. ЖРТдан 210-220 балл алган талапкерлер да бар болчу. Кийин талдасак, алдыга чыккан он талапкердин орточо баллы 167 болуптур. Он стипендианттын беши кыз, беши эркек, беши 2-курс, беши 3-4-курстун студенттери болду. Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын регионунан болуп чыкты. Бишкек жана Чүйдөн чыкпады. Беши Жусуп Баласагын, төртү И.Арабаев КМУ, бири БААУ студенти тандалыптыр. Тандалгандардын багыттары биология, математика, химия, тарых, башталгыч класс болду.

“БОЛОЧОК МУГАЛИМ”: МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫН КӨТӨРГӨН ДОЛБООР

“Чырак” фонду он студентке стипендия берүү менен бирге алдыда мугалимдин кадыр- баркын көтөрчү башка иш-аракеттерди жасайт деп ишенем. Стипендия берүүгө макул болгон меценаттарга дагы бир жолу ыраазычылык билдирип кетүү парзым деп билем. Алар болбосо бул иштин башталышы кыйын эле. Караңгыда чырак болчу жарандарыбыз көп болсо, жаркын келечекти курууга болот, — дейт Б.Абдуллаев.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер