БОЛОЧОК МЕКЕН КОРГООЧУЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ

  • 24.02.2020
  • 0

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин 10-11-класстарынын окуучуларынын арасында Мекенди коргоо күнүнө арналган кароо-сынак болуп өттү.

Сынактын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка, эли-жерин сүйүүгө, бири-бирине камкор болууга, кандай шартта болбосун, бири-бирине жардам берүүгө үндөгөн ырлар окулуп, оюндар ойнолду.

Келечектеги мекен коргоочуларды даярдоого арналган кароо-сынакта райондук аскер комиссариатынын өкүлү Нургазы Кыбалов, мектептин окуучуларды аскерге чейинки даярдоо мугалими Анаркул Нурмамбетов, айылдык оорукананын дарыгери Саадат Ажыбаева, Ооган согушунун ардагери Таалай Султанкулов ж.б. катышып, калыстык бааларын беришти.

БОЛОЧОК МЕКЕН КОРГООЧУЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫКалыстардын баамында автоматты эң тез чачкан 11-“а” класстын окуучусу Тилек Капаров деп табылса, кыздардан ушул эле класстын окуучусу Сейдана Каркибекованын аракети жогору бааланды. Эң мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулардын арасында көп пресс жасаган 10-“в” класстын окуучулары Нуриза Суюндукова жана Жумабай кызы Диана деп табылды.

Сынактын жыйынтыгында 1-орун — 11-“в” класска (класс жетекчиси Г.Гайворонская) 2-орун – 10-“в” класска (класс жетекчиси Д.Айманбетова) жана 3-орун – 11-“б” класска (класс жетекчиси Г.Төлөгөнова) ыйгарылып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”     

Бөлүшүү

Комментарийлер