БОЛГАРИЯНЫН ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИДАСЫНАН 7 МЕДАЛЬ
- 23.04.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын окуучулары Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International “Advanced Tournament in Informatics– John Atanasoff”) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.
2024-жылдын 18-20-апрелинде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.
Күмүш медаль алгандар:
- Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior),
- Али Арапов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу ( Junior),
- Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу (Junior),
- Рамазан Маннанов, Кадамжай “Семетей” лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).
Коло медаль алгандар:
- Эмил Талыпов, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior),
- Санжар Садирбеков, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин, 10-классынын окуучуcу (Senior),
- Нурислам Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин, 9-классынын окуучуcу (Junior).
Команданын лидерлери жана машыктыруучулары:
- Кылычбек Урайымов,
- Медербек Осмонов,
- Артем Беляев,
- Мирбек Бакиров,
- Талант Арстанов,
- Зиядхон Атаходжаев,
- Бексултан Алмазбеков.
https://infos.infosbg.com/files/Contests/IATI/2024/common/results_Senior.pdf -Senior
https://infos.infosbg.com/files/Contests/IATI/2024/common/results_Junior.pdf -Junior
Бөлүшүү
Комментарийлер