БОКС: ОшМУнун БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

  • 11.05.2023
  • 0

Ташкент шаарындагы бокс боюнча дүйнөлүк мелдешке катышып жаткан ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта  күч сынашууда.

БОКС: ОшМУнун БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

Ал өз жолун 1/32 финалдан баштап, үч жеңишти катары менен камсыздап, чейрек финалга чыккан. Ал эми 1/4 финалда Мунарбек Тажикстандык атаандашын 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. 12-май күнү 1/2 финалдык баскычта Мунарбек Өзбекстандык атаандашы менен мелдешет.

Бул беттеште кандай жыйынтыкка ээ болбосун, Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында Кыргызстандын бокс боюнча тарыхында алгачкы медалын алып келет.

Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында. Машыктыруучусу КРнын спорт чебери Беганас Султанбаев, 2-машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу, Кыргыз Республикасынын  бокс  боюнча  эмгек  сиңирген  машыктыруучусу  Турдалы  Оморов.

Бөлүшүү

Комментарийлер