БМУнун ректору Ханбат университетинде

  • 02.10.2026

1-октябрдан 3-октябрга чейин Түштүк Кореянын Ханбат университетинде Билим берүүдөгү инновациялар боюнча IV Глобалдык симпозиум өтүүдө. Ага академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев катышууда. БМУнун ректору Ханбат университетинде

Симпозиумдун алкагында ректор Ханбат университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде билим алып жаткан БМУнун студенттери менен жолугушту. БМУнун ректору Ханбат университетинде

Жолугушууда студенттердин окуу процесси, жашоо шарттары жана чет өлкөдө билим алуу учурунда топтогон тажрыйбалары тууралуу пикир алмашылды. Ошондой эле Мирлан Дылдаев студенттердин окуу шарттары жана жатаканасы менен таанышты. БМУнун ректору Ханбат университетинде

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында БМУнун 12 студенти Ханбат университетинде билим алууда. Программага ылайык, ар бир семестрде БМУнун 10дон ашуун студенти Ханбат университетине окууга жөнөтүлөт.

А.К., » КБ»

Бөлүшүү