БМУНУН ОКУТУУЧУСУ БОРБОР АЗИЯНЫН МЕДИА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ
- 12.10.2026
- 0
2026-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында өткөн ЖМК боюнча Борбор Азиянын 26-конференциясында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын окутуучусу, медиаэксперт жана журналист Тамара Валиева баяндама жасады. 
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ЖМК эркиндиги боюнча өкүлүнүн кеңсеси тарабынан уюштурулган конференция «Жалпы маалыматтык мейкиндикти калыптандыруу: санариптик доордогу маалыматтын аныктыгы, медиаэтика жана ишеним» деген теманын алкагында өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты. 
Катышуучулардын саны 120дан ашып, алар Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атынан келишти.
Конференциянын жүрүшүндө санариптик доордогу маалыматтын аныктыгын камсыз кылуу, медиаэтиканын принциптерин сактоо жана коомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишенимин бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле маалыматтык мейкиндиктеги өзгөрүүлөр, медианын жоопкерчилиги жана ишенимдүү маалымат таратуунун мааниси боюнча пикир алмашуу болду. 
Мындай эл аралык аянтчалар медиа тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга жана журналистика менен академиялык чөйрөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»