БМУда РЕКТОР АБДЫЛДА МУСАЕВ ЖАҢЫ МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛАНДЫ

  • 07.09.2020
  • 0

Бишкек мамлекеттик университетинде 4-сентябрда өткөн шайлоодо Абдылда Мусаев дагы беш жылдык мөөнөткө ректор болуп бир добуштан шайланды. Анын талапкерлигин колдоп, университеттеги жамааттын 98%  добуш берди.

Профессор, филология илиминин доктору, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандагы Жогорку  окуу жайлар ассоциациясынын президенти Абдылда Мусаевди республикадагы алдыңкы университеттердин бирине ректор болуп кайрадан шайланышы менен куттуктайбыз жана жетекчилик ишинде зор ийгиликтердин боло беришине тилектешпиз!

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер