БМУДА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИШКЕРДИК БОРБОРУ ЖАНА САНАРИП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 28.09.2026

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) колдоосу менен түзүлгөн Технологиялык ишкердик борборунун жана Санарип китепкананын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. БМУДА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИШКЕРДИК БОРБОРУ ЖАНА САНАРИП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Маанилүү иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, TİKAнын төрагасы Абдуллах Эрен, БМУнун ректору Мирлан Дылдаев, TİKAнын Бишкектеги Программалык кеңсесинин координатору Эрсин Чопур, ошондой эле окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты. БМУДА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИШКЕРДИК БОРБОРУ ЖАНА САНАРИП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Аземдин жүрүшүндө кыргыз жана түрк тараптарынын өкүлдөрү аталган долбоордун заманбап билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү, окуу процессине санариптик технологияларды кеңири киргизүүдөгү жана жаштардын инновациялык демилгелерин колдоодогу өзгөчө маанисин баса белгилешти. Символикалык тасма кесилгенден кийин, катышуучуларга жаңы объектилердин мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тааныштырылды. БМУДА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИШКЕРДИК БОРБОРУ ЖАНА САНАРИП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Жаңы ачылган Технологиялык ишкердик борбору студенттердин инновациялык идеяларын ишке ашырууга, алардын ишкердик көндүмдөрүн жогорулатууга жана технологиялык долбоорлорун өнүктүрүүгө багытталса, Санарип китепкана окутуучулар менен студенттерге заманбап билим берүүчүлүк жана маалыматтык ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул объектилер БМУнун санарип билим берүү, инновация жана технологиялык ишкердик багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого зор өбөлгө түзөрү шексиз.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү