БМУДА КУСЕЙИН КАРАСАЕВДИН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛДЫ

  • 30.09.2021
  • 0

29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинде чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.

Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө, он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн, Президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун өзгөчө белгиледи.

Чолпонбек Абыкеев Мамлекет башчысынын атынан куттуктоону окуп берди.

Анда төмөндөгүдөй деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, кыргыз тил илимине негиз салуучулардын бири Кусеин Карасаев атабыздын айкелинин ачылыш аземинин катышуучулары!

Кыргыздын чыгаан уулу, түрк дүйнөсүнө таанымал, заманыбыздын залкар окумуштуу- агартуучусу, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, лексиколог жана лексикограф Кусеин Карасаевдин эстелигинин коюлушу биз үчүн чоң сыймык болсо, келечек муун үчүн маанилүү тарых болуп саналат.

Тарыхыбызда өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын, маданиятын, билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүдө өздөрүнүн эбегейсиз чоң салымдарын кошкон чыгаан инсандарыбыз жашап өткөн. Мына ушундай улуу инсандарыбыздын катарында Кусейин Карасаевдин орду чоң. Академик атабыз кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын, тарыхын сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенип, келечек муунга агартуучулук мурастарын калтырып кетти.

Эл арасында Кусеин Карасаев тууралуу: “Бул ажайып инсан кыргыз сөзүнүн кылда билерманы, тарыхты мыкты билген, тилди ийне-жибине чейин изилдеп, илимдин артынан сая түшкөн өжөр илимпоз адам болгон. Жылдыздуу инсан, кеп сыйкыры менен бир заматта өзүнө тартып алаар эле. Кээде жайдары күлүп, сен угууну каалаган жагымдуу сөздөрүн айтып, сөз учугун улаган бийик парасаттуу, көрөгөч адам болчу”- деген эскерүүлөр азыркыга чейин айтылып жүрөт.

Кусеин Карасаев – кыргыз элин билим дүйнөсүнө жетелеген адамдардын бири. Жүрөгү кыргыз деп соккон агайыбыздын “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Орусча-кыргызча сөздүк”, “Карасай сөздүк” аттуу эмгектери бүгүнкү жана эртеңки муундун көөнөргүс, баа жеткис мурасы жана байлыгы.

Кусеин Карасаев тил куржунун толтурууда талыкпай эмгектенип, советтик мезгилде да, андан соң эгемен мамлекетибиздин шартында да кыргыз тилин өркүндөтүүдө жана байытууда ары жооптуу, ары татаал, ары сыймыктуу миссияны ийгиликтүү аркалап келген.

Кезинде жалпы элди сабаттуулукка үндөп, кыргыз тилинин абдан бай экендигин далилдеп, даңазалоого бардык күчүн жумшаган улуу окумуштуу-агартуучунун өрнөктүү өмүр жолу менен баа жеткис мурастары мамлекеттүүлүктүн башкы элементи болгон кыргыз тилибизди ар тармакта кеңири колдонулган, баарлашуунун бай тилине айландыруу жолунда бүгүнкү күндө дагы актуалдуу болуп тургандыгын баса белгилеп кетейин.

Ошону менен катар биздин илимпоздорубузду окумуштуунун кыргыз эли үчүн кайталангыс кылып калтырып кеткен илимий эмгектерин ар тараптан иликтеп, заман талабы менен айкалыштырып, коомго пайда келтире турган эмгектерди жаратууга чакырам.

Кусеин Карасаевдин илимий эмгектери эле эмес, анын басып өткөн өмүр жолу ары өрнөктүү, ары даңазалуу жол. Татаал мезгилге тушугуп, жокту да, барды да, кордукту да, азапты да башынан кечирген. Бирок, “тагдыр экен” деп кол куушуруп, жазмышка моюн сунуп отуруп албастан, талбай изденип, алга карай талпынып билим алууга умтулган. Анын өмүр жолу менен чыгармачылыгынан жакшы кабардар болгон жаштар бүгүнкүдөй жай турмушта коомчулукка, элге, мамлекетке далай-далай иштерди жасоого болоорун аңдап-түшүнөт. Ошентип илимдин дыйканы болгон Карасаев атабыздын өмүр жолу кийинки муун өкүлдөрүнө шык, дем берип, илим дүйнөсүнө жетелеп турат.

Андан улам, билимдүү, илимдүү жаштарыбыз бул эстеликти көргөн сайын таасирленип, үлгү тутуп, сабак алат деп ойлойм.

Ушул майрам, ушул эстелик баарыбызга, биринчи иретте Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эмгек жамаатына, студенттерине кут болсун!».

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер