БМУ МЕНЕН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ БАТКЕН ЭЛИНЕ БИР КҮНДҮК МАЯНАСЫН КОТОРДУ

  • 20.09.2022
  • 0

Бишкек мамлекеттик университети менен Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек маянасын которушту.

Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле КУУнын курамындагы институт, колледждердин кызматкерлери дагы бул демилгени колдоп, бир күндүк маянасын которду.

Аталган жогорку окуу жайлардын студенттери өз ыктыярлары менен гуманитардык жардам чогултууга жардам беришүүдө.

Баткен жана Лейлек районунан келип окуган студенттер менен жолугушуулар өтүп, аларга ар кандай жардамдар көрсөтүлүүдө. (НМ)

Бөлүшүү

Комментарийлер