БМУ КОРЕЯЛЫК ЖОЖ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
- 18.09.2023
- 0
Баткен мамлекеттик университети Кореянын Енгнам университети кызматташуунун алкагында, 2023-2024- окуу жылына окуу жайдын базасында үч тайпага корей тилин окутуу боюнча жазылуу жүрүп башталды.
Енгнам университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу алдын ала макулдашылган боюнча Бишкек шаарында өттү.
2024-2025 окуу жылына Корея өлкөсүнүн колдоосу менен БатМУнун Кызыл-Кыядагы институтунда Корей борбору ачылат. Анын алкагында, жумушка орношуу боюнча тил курстары, маданияты, БатМУ менен Енгнам университеттери ортосундагы мобилдүүлүкө тажрыйбалуу профессорлор тарабынан окутуу жүргүзүлөт.
Енгнам университети 30 000 ден ашуун студенти бар эң ири окуу жайлардын бири.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер