БИЗНЕС-ӨНӨКТӨШТӨР ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН ИШКЕ ТАРТЫШАТ

  • 02.03.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи менен окуу жайдын бизнес-өнөктөштөрүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу иш-чарасы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждерди Алдыңкы таржрыйба борборлоруна трансформациялоо ишке ашырылууда, алардын базасында эксперименталдык билим берүү программаларын пилоттоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жүргүзүлүүдө.

Социалдык өнөктөштүк колледждердин жана кесиптик лицейлердин эмгек рыногун, бизнес менен натыйжалуу кызматташуусун калыптандырууну, киреше алып келүүчү ишмердикти киргизүүнү, жумуш ордунда окутууну өзүнө камтыйт.

Меморандумдарга кол коюу менен Индустриалдык-педагогикалык колледждин бизнес-коомчулуктан өнөктөштөрү Ишканада жаш адистерди бекитүүгө багытталган атайын программаларды ишке ашыруу аркылуу окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке тартууга милдеттенишет.

Ошондой эле окуу учурунда жогорку квалификациялуу адистердин жетекчилиги алдында жаш адистердин стажировкалары уюштурулат, ишканалардын жетектөөчү адистери жана жетекчилери жогорку курстун студенттери менен жолугушушат, келечекте ишканаларда иштөөгө багыт алуу менен курстук иштердин, долбоордук жана дипломдук иштердин темаларын аныктоого катышышат.

Социалдык өнөктөштүк ишканаларга профилдик адистиктер боюнча жогорку курстардын перспективалуу студенттери менен жеке келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле педагогдордун квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.

КР ББИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер