«БИЗГЕ ФОРМАЛДУУ КАГАЗ ОТЧЕТТУУЛУГУ ЭМЕС, БИЛИМДИН РЕАЛДУУ САПАТЫ КЕРЕК»

  • 03.07.2026
  • 0

Кыргызстандын билим берүү системасы бүгүн чоң өзгөрүүлөрдүн чордонунда турат. Буга чейин окуу жайлардын деңгээлин аныктоочу аккредитациялоо процесси коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып, кээде жөн гана кагаз жүзүндөгү формалдуулук катары сындалып келген. Министрлик бул тармакта тартипти орнотуу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана билим сапатын реалдуу көтөрүү багытында чечкиндүү кадамдарга бара баштады. Акыркы убакта Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйынында кабыл алынган чукул чечимдер, айрым агенттиктердин ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөр жана жеке менчик онлайн мектептерди лицензиялоону мыйзамдаштыруу демилгеси мунун айкын далили. Бул масштабдуу реформалар, санариптик жаңы куралдар жана сапатсыз билим берген окуу жайларга көрүлүүчү чаралар тууралуу Агартуу министрлигинин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл АКУЛОВА менен маектештик.«БИЗГЕ ФОРМАЛДУУ КАГАЗ ОТЧЕТТУУЛУГУ ЭМЕС,  БИЛИМДИН РЕАЛДУУ САПАТЫ КЕРЕК»– Бактыгүл Темирбековна, кечээ жакында эле Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйынында «Илим-сапат» аккредитациялык агенттигин таануудан баш тартышты. Буга кайсы конкреттүү талаптардын аткарылбаганы себеп болду?

– Кыргыз Республикасында билим берүү уюмдарын аккредитациялоо мыйзамдарга ылайык таанылган, толук көз карандысыз агенттиктер аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тартип мектептерге да, кесиптик лицейлерге да тиешелүү. Биздин ишибиз толугу менен укуктук талаада – «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдын жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 токтомунун негизинде ишке ашат. Бул токтом ар бир агенттиктин уюштуруучулук укугуна, методологиялык базасына жана ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугуна абдан катуу талаптарды коёт. «Илим-сапат» агенттигинин документтерин баалоо да дал ушул укуктук алкакта жүрдү. Тилекке каршы, комплекстүү талдоонун жыйынтыгында алардын документтеринде мыйзам талаптарына олуттуу дал келбестиктер жана кемчиликтер аныкталды. Мына ушундан улам, Улуттук аккредитациялык кеңеш бир добуштан бул агенттикти таануудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

– Ал эми буга чейин иши токтотулуп келген «Эл баасы» агенттиги мурунку кемчиликтерин кантип четтетти? Мындан ары алардын ишине кандай кошумча талаптар коюлат?

– Ооба, «Эл баасы» агенттигинин ишмердүүлүгү буга чейин алты айлык мөөнөткө токтотулган болчу. Бул убакыт ичинде алардын аккредитация жүргүзүүгө укугу жок эле. Бирок уюмдун жетекчилиги бул убакытты натыйжалуу пайдалана алды. Алар мурда аныкталган кемчиликтерди четтетишти: ички документтери жаңыланды, өзүн-өзү жана тышкы баалоо жол-жоболору өркүндөтүлдү, эксперттик базасы менен чечим кабыл алуу тартиби талапка ылайык жакшыртылды. Ошондой эле укуктук шайкештикти камсыздоо үчүн уюмдун Уставына да тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, кайрадан иштелип чыкты. Мындан ары бул агенттик КР Министрлер Кабинетинин №246 токтомдун талаптарын так сактоого милдеттүү. Алардын алдына аналитикалык иштердин сапатын жогорулатуу, ички сапатты көзөмөлдөө, эксперттердин квалификациясын үзгүлтүксүз өстүрүү жана ар бир чечимди так документтештирүү боюнча кошумча талаптар коюлду. Ошондой эле алар бекитилген тартипке ылайык, ар бир эки жылда бир жолу милдеттүү түрдө мониторингден өтүп турушат.

– Жакында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын (лицейлердин) аккредитациялоо боюнча документтерин анализдөөдө кандай кемчиликтер табылды жана алардын жетекчилерине кандай чаралар көрүлөт?

– 2023-2024-окуу жылдарынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында окуу жайлардын аккредитациялоого тапшырган бардык документтерине терең жана комплекстүү анализ жүргүздүк. Талдоонун жүрүшүндө айрым кесиптик лицейлерде аккредитациялоо процессин уюштурууда бир катар ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, бекитилген процедуралык талаптар сакталган эмес, ички документтерди жүргүзүүдө олуттуу кемчиликтер бар.Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарына карата министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына жана Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды. Бул жерде негизги маселе жазалоодо гана эмес, билим берүүнүн сапатын түп-тамырынан жакшыртууда экенин түшүнүшүбүз керек. Аккредитациянын сапаты бир гана агенттиктен эмес, биринчи кезекте окуу жайдын өзүнүн ички даярдыгынан көз каранды. Лицей жетекчилери бул маселеге үстүртөн карабай, чечкиндүү, практикалык кадамдарга барышы зарыл.

– Министрлик аккредитациялоо процесстеринин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо үчүн кандай жаңы санариптик куралдарды колдонуп жатат?

– Биз масштабдуу санариптик реформаларды ишке ашыруудабыз. Бул багыттагы эң негизги жаңылык – билим берүү ишин лицензиялоо процесстерин санариптештирүүдөн башталды. Учурда иштеп жаткан заманбап «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) сыяктуу эле, аккредитациялоо тармагы үчүн да «АСУЛА» бирдиктүү санариптик тутуму иштелип жатат. Бул жаңы система аркылуу аккредитациялоо боюнча бардык кызматтар толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт. Агенттиктерди таанууга арыздарды кабыл алуу, аларды кароо, ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана акыркы чечимдерди кабыл алуу толугу менен автоматташтырылат. Муну менен катар жаңы системада «Түндүк» системасы аркылуу юридикалык жактарды идентификациялоо; булуттук электрондук кол тамга менен документтерди жөнөтүү; аккредитациялык агенттиктердин жалпыга ачык электрондук реестрлери; Улуттук аккредитациялык кеңештин электрондук добуш берүү механизми билим берүү тармагында ишке ашырылат. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, системага форматтык-логикалык көзөмөл киргизилип, анын алкагында мыйзам талаптарына жооп бербеген арыздарды кабыл алууда автоматтык түрдө чектөөлөр коюлат. Мунун баары «Билим берүү жөнүндө» жана «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдардын негизинде жасалууда. Санариптештирүү чечим кабыл алуудагы адамдык факторду максималдуу түрдө азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди түп-тамырынан бери жоюуга багытталган.

– Кээ бир агенттиктердин окуу жайларга көз каранды болуп калуу же кемчиликтерге «көз жумуп коюу» тобокелдиктерин кантип көзөмөлдөйсүздөр?

– Процесстин толук көз карандысыздыгы жана объективдүүлүгү – биздин эң негизги, бузулгус принцибибиз. Бул жерде кандайдыр бир жең ичинен сүйлөшүүлөргө же тааныш-билишчиликке таптакыр орун жок. Мыйзамдарга жана Министрлер Кабинетинин №246 токтомуна ылайык, агенттиктердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп турат. Биз кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурабыз. Агенттиктин же тышкы баалоого тартылган эксперттердин окуу жай менен кандайдыр бир түз же кыйыр байланыштарынын (финансылык, туугандык, кызматтык) болушуна катуу тыюу салынат. Агенттик баалоо алдында кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендиги тууралуу расмий кепилдик берүүсу шарт. Эгерде агенттик тарабынан кайсы бир окуу жайга негизсиз жеңилдиктер берилгени, критерийлер бурмаланганы же кемчиликтерге атайылап «көз жумуп коюлганы» аныкталса, мыйзам чегинде эң катаал чаралар көрүлөт. Мындай чарага кабылган агенттик таанылган агенттиктердин реестринен чыгарылат жана бул маалымат коомчулукка ачык болушу үчүн министрликтин расмий сайтына жарыяланат.«БИЗГЕ ФОРМАЛДУУ КАГАЗ ОТЧЕТТУУЛУГУ ЭМЕС,  БИЛИМДИН РЕАЛДУУ САПАТЫ КЕРЕК»– Сапатсыз билим берген же талаптарга жооп бербеген окуу жайлардын лицензиясын чакыртып алуу тажрыйбасы канчалык активдүү колдонулууда?

– «Билим берүү жөнүндө» жана «Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамдарга ылайык, билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү үзгүлтүксүз талданып турат. Биздин башкы максатыбыз – окуу жайларды дароо жаап салуу эмес, билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана мыйзамдуулукту сактоо. Лицензияны колдонууну токтотуу (жокко чыгаруу) эң акыркы жана эң катаал чара катары каралат. Процесс этап-этабы менен ишке ашырылат. Лицензиялык талаптар бузулгандыгы такталса, окуу жайга аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча расмий эскертүү жана белгилүү бир мөөнөт берилет. Лицензиялык талаптардын бузулушу окуу жай тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетилбесе, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде окуу жайга айып пул салуу чаралары активдүү колдонулат. Эгерде берилген мөөнөттө талаптар аткарылбаса, лицензияны колдонуу үч айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотулат. Бул аралыкта окуу жай жаңы студенттерди кабыл алууга же билим берүү ишин жүргүзүүгө укуксуз.

– Лицензиянын колдонулушу биротоло качан жана кантип токтотулат?

– Эгерде окуу жай жогорудагы чаралардан жыйынтык чыгарбаса, лицензиялык талаптарды системалуу түрдө бузса же убактылуу токтотулган мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо, лицензияны колдонууну биротоло жокко чыгаруу жол-жобосу башталат. Биздин мыйзамдарга ылайык, лицензияны жокко чыгаруу түздөн-түз сот тартибинде гана ишке ашырылат. Ошондуктан иш кагаздарынын абдан так жүргүзүлүүсү шарт. Бүгүнкү күндө мыйзам талаптарын аткаруудан баш тарткан жана сапатсыз кызмат көрсөткөн бир мектептин лицензиясын биротоло жокко чыгаруу максатында сот органдарына расмий доо арыз менен кайрылуу алдында турабыз. Бул кадам – биздин талаптарыбыз канчалык олуттуу жана чечкиндүү экендигинин далили.

– Учурда Кыргызстанда аккредитациядан өткөрүүчү канча расмий таанылган аккредитациялык агенттик бар жана алардын сапатына министрлик мониторингди кантип жүргүзөт?

– Учурда расмий реестрде аккредитация жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жети агенттик катталган. Алардын ичинен алты агенттиктин таануу статусу «жарактуу» болуп эсептелет. Ал эми бир агенттикке карата мониторингдин жыйынтыгы боюнча таанууну убактылуу токтото туруу чарасы колдонулган. Министрлик агенттиктердин ишмердүүлүгүнө документтерди талдоо, чечимдердин негиздүүлүгүн изилдөө, эксперттик иштерди баалоо жана ачык-айкындуулукту көзөмөлдөө аркылуу туруктуу мониторинг жүргүзүп келет.

– Жакын арада аккредитациялоо жана лицензиялоо эрежелерине кандайдыр бир өзгөртүүлөр же жаңы мыйзам долбоорлору күтүлүүдөбү?

– Ооба, учурда абдан чоң масштабдуу иш-чаралар жүрүп жатат. Аккредитациялоо системасын күчөтүү, анын ачыктыгын жана объективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Бул өзгөртүүлөр процедураларды тактоого, талаптарды бирдиктүү стандартка келтирүүгө жана системалуу мониторинг механизмдерин күчөтүүгө багытталган. Ошону менен катар эле, лицензиялоо багытында да абдан принципиалдуу маселе каралууда. Буга чейин бизде бир гана кадимки (офлайн) форматтагы окутуу жүргүзгөн уюмдарга гана лицензия берилип келсе, заман талабына ылайык, учурда онлайн мектептердин ишмердүүлүгүн укуктук алкакта лицензиялоо боюнча атайын талаптар иштелип жатат. Бул боюнча токтомдун долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. Максатыбыз – өлкөнүн билим берүү системасындагы сапатты жаңы деңгээлге көтөрүү жана укуктук базаны бүгүнкү күндүн санариптик реалдуулуктарына ылайык ийкемдүү адаптациялоо.

– Сиздин оюңузча, көз карандысыз аккредитация системасы киргенден бери өлкөдө билим берүүнүн сапаты чындап өстүбү же дагы эле кагаз жүзүндөгү отчеттуулук басымдуулук кылабы?

– Көз карандысыз аккредитациялоо системасы киргизилгенден бери белгилүү бир укуктук жана практикалык тажрыйба топтолду, муну танууга болбойт. Бирок ошол эле учурда, бул процесстин реалдуу сапатка караганда формалдуу кагаз отчеттуулугуна эле таянып, байлануу тобокелдиктери дагы деле курч бойдон калууда. Биз кагаз куумайлыктан жана бюрократиядан арылышыбыз керек. Азыркы тапта бул системаны андан ары өнүктүрүү жана заманбап форматка өткөрүү убактысы келди. Бул багытта көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер да заман агымынан артта калбай, өздөрүнүн ички аккредитациялоо иштерин, документтерди кабыл алуудан баштап баалоо процесстерине чейин толугу менен автоматташтырса абдан туура болмок. Бул кадам окуу жайларды да, агенттиктерди да ашыкча кагаз убаракерчилигинен куткарып, убакытты үнөмдөөгө жана процесстин ачык-айкын болушуна шарт түзөт. Биздин негизги багытыбыз – санариптик чечимдерди киргизүү жана тышкы эксперттик баалоонун курулай кагазда эмес, иш жүзүндө реалдуу объективдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер