БИЗДИН МИЛДЕТ – АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН НАТЫЙЖАЛУУ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ БОЛУП САНАЛАТ

  • 29.07.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгы астында «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча «жол картасынын» аткарылышын координациялоочу Республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, түзүлгөн шартта өзгөчө көңүлдү аймактарды, анын ичинде билим берүү, калкка электрондук тейлөө көрсөтүү тармагын санариптештирүүгө, мамлекеттик органдар, калк жана бизнес ортосундагы электрондук өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө  буруу зарыл.

«Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча негизги баяндаманы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жасады.

«Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында өлкөнүн бардык аймактарында «Санарип Аймак» долбоорун ишке ашыруу боюнча ири иш-чаралар жүрүүдө. 2020-жылдын март айында 8 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттоштуруу жүргөн. «INFODOCS» электрондук документ жүргүзүү жана «e-Kyzmat» адам ресурсун башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча «Түндүк» электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун каражаты боюнча болжол менен 51 млн транзакция өткөрүлгөн», — деди ал.

Анын айтымында, мамлекеттик электрондук тейлөө порталында 191 тейлөө жана сервис жеткиликтүү. Мобилдик тиркемелер аркылуу 89 ашуун мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөр жеткиликтүү.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, пандемия жана убактылуу аралыктан окутуу режиминин шартында, өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек, анткени, интернеттин төмөнкү ылдамдыгына байланыштуу окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калууда.

«Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат деп ишенем», — деди ал.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер