БИЗДИН БАЛДАР ДҮЙНӨ СЫНАГЫН БАГЫНДЫРУУДА

  • 24.08.2021
  • 0

БИЗДИН БАЛДАР ДҮЙНӨ СЫНАГЫН БАГЫНДЫРУУДА

-Окуучуларга эл аралык стандарттагы билим берүү маселеси көп козголгону менен, ал максат практика жүзүндө  кайсы бир деңгээлде ордуна жыла элек десем да болот. Анткени, Европалык стандарттагы билим, биринчиден кымбат турса, экинчиден анын методикасы иштелип чыга элек. Атап айтсак, Англиядагы атагы таш жарган, дүйнөдөгү ЖОЖдордун алдыңкы беш сабына кирген Кембридж университетин кимдер билбейт? Ушул окуу жайга караштуу англис тили боюнча экзамен алуучу департамент бар. Анын сертификатын дүйнө жүзү боюнча 20 миңден ашуун окуу жайлар, ишкана-мекемелер тааныйт. Дүйнө жүзү боюнча бул ишкананын эки миңден ашуун экзамен алуучу борбору болгону менен, ар бир кандидаттын экзаменинин жыйынтыгы Англияда чыгарылып, ошол жактан сертификат келет. Ал жерде ар бир экзамен тапшыруучунун англис тилинде жазуу, окуу, угуу, сүйлөө деңгээли обьективдүү бааланып, баа коюлат. Ошондуктан, бул ишкананын кынтыксыз, шек жаратпай, калыс жыйынтык чыгарганы баардык өлкөлөрдүн ишенимине ээ болгон,- дейт“Англис тили 7 айда” китебинин автору Ш.Назаралиев биз менен болгон маегинде.

Ушуга улам Ш.Назаралиевдин уюштуруусунда  жакында чоң жаңылык болду. Бишкек, Ош, Балыкчы шаарларынын 5-6 класстарынын катардагы мектеп окуучулары: Дюшебеков Бектур, Абдусайитова Элимай, Алыбаева Акмарал, Болотбекова Арууке, Шаршенбекова Азима, Давлеталиева Раушан, Кадыкова Кызжибек, Кадырбеков Камчыбек, Токтосунов Элдияр, Кембридждик экзамендин экинчи баскычын (YLE  Movers) мыкты көрсөткүчтөр менен тапшырышып, колдоруна Европалык стандарттагы сертификатты алышты.

 -Мындай ийгиликке элиталык мектептер да жеткен эмес. Бул иш-чаранын жыйынтыгы мындан да жакшы болушуна чоң мүмкүнчүлүктөр бар эле. Тилекке каршы, ага көптөгөн окуучулар катышса да, үй-шартына байланыштуу Талас, Жалал-Абад, Баткен ж.б. областтарынан экзамен тапшыруу үчүн окуучулар Бишкек шаарына келе албай калышты -дейт Ш.Назаралиев.

Айта кетсек, бул долбоор “Англис тили 7 айда” китебинин автору Ш.Назаралиев  тарабынан  уюштурулуп келет.

-Эгерде бийлик, ата-энелер, коомчулук, билим берүү системасы биргеликте иштесе, эл аралык деңгээлдеги билимди багындыруу колдон келе турган иш экендигин биздин окуучулар өз аракеттери менен  далилдеп бермек,  — дейт Ш.Назаралиев өз сөзүндө.

М.Токторов,

“Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер