БИЗ ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРУУ ЖОЛУНДА ЫКЧАМ ИШ-АРАКЕТТЕРИБИЗ МЕНЕН АЛДЫГА БАРА ЖАТАБЫЗ
- 09.09.2026
- 0
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде: Биздин алдыбызда чоң максаттар турат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Төрага!
Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!
Алгач, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!
Жакында эле каникулдан кайтып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8-чакырылышынын 2-сессиясына киришип жатасыздар, өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк ишмердигиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын.
Урматтуу эл өкүлдөрү!
Мамлекетибиздин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, коомдогу туруктуулук жана жарандарыбыздын жашоо сапаты көп жагынан мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине байланыштуу болот.
Соңку жылдары Мамлекетибиз өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты.
Экономикабыз өсүп, ондогон ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жолдор, мектептер, социалдык объектилер курулуп жатат.
Өндүрүштү, энергетиканы, айыл чарбасын, транспортту жана логистиканы өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган системалуу иштер тынымсыз жүрүүдө. Биздин алдыбызда мындан да чоң максаттар турат.
Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, заманбап инфратүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу – ар бирибиздин ыйык жана жалпы милдетибиз.
Бул максатка бийликтин бир гана бутагынын аракети менен жетүү мүмкүн эмес!
Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылаарын дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин!
Ошондуктан парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөө зарыл.
Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгы болушу табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн.
Бирок кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы турушу керек!
Элибиз бизден курулай убадаларды эмес – натыйжаны, талаш-тартыш эмес – туура чечимди, бири-бирибизди күнөөлөп жер каратууну эмес – жоопкерчиликтүү ишти күтөт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы күндөрү өлкөбүздүн тарыхында өзгөчө орун алган бир катар ири эл аралык иш-чаралар болду.
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын 25 жылдык юбилейлик Саммити жана «ШКУ+» жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү.
Ошол эле күндөрү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри урматтуу Мухаммад Шахбаз Шарифтин расмий сапарлары ийгиликтүү ишке ашырылды.
Муну менен катар VI-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Кыргызстан дүйнөлүк саясий, маданий жана спорттук коомчулуктун көңүл борборунда болду.
Булар – Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп, дүйнөлүк жана регионалдык процесстердеги орду бекемделип жаткандыгынын ачык көрсөткүчү.
2025-2026-жылдардагы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы көп тараптуу дипломатиябыз үчүн маанилүү этап болду.
Биз төрагалык кылган мезгилде коопсуздук, туруктуу өнүгүү, транспорт, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштар боюнча маанилүү иштерди алдыга жылдырдык.
Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде, жаңы түстө көрө баштады. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним артууда. Демек, Кыргызстанга болгон эл аралык көңүл мындан ары дагы күчөйт.
Бул – биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.
Акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктерибиздин бири – өлкөбүздүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болду.
Акыркы төрт жылда экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түзүп, туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул жыйынтыкты 2026-жылдын конкреттүү көрсөткүчтөрү да ырастап турат. 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү. Бул Борбордук Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири.
Урматтуу мекендештер!
Ошентип биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда ыкчам иш-аракеттерибиз менен алдыга бара жатабыз.
Жогоруда сөз кылган эл аралык иш-чаралар Мамлекетибиздин атын бийик деңгээлге көтөрдү.
Эми ошол өнүгүү темпин, алдыга багыт алган жүрүшүбүздү ошол деңгээлде кармап калуу милдети турат.
Албетте, бул иштер “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарган биримдигибиз болгондо гана ишке ашат.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн мен ушул бийик трибунадан парламентке гана эмес, жалпы кыргызстандыктарга кайрыла кетейин!
Биздин эң чоң байлыгыбыз – өлкөбүздөгү тынчтык, элибиздин ынтымагы жана мамлекетибиздин туруктуулугу.
Кыргызстан өткөн тарыхында саясий тирешүүлөрдүн азабын, коомдук бөлүнүүлөрдүн жана туруксуздуктун кесепеттерин көп эле тартты. Ошондуктан биз тарыхтан сабак алышыбыз керек!
Коомдо талкуулана турган маселелер дайыма болот.
Жер, тил, экономика, социалдык маселелер, тарых, маданият, аймактык же башка курч темалар боюнча ар кандай көз караштардын болушу – коомдук турмуштун табигый көрүнүшү.
Бирок пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок!
Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында, коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпаш керек!
Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек!
Бүгүнкү күндө, интернеттин заманы күч алган маалда маалыматтарды иргебей, алардын кийинки кесепеттерин эске албай жайылтуу кадимки көрүнүшкө айланып баратканы өкүндүрөт. “Кой аксагы менен миң” дейбиз. “Котур ташын койнуна катып алып”, жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли.
Интернетке жалган пикир жазып, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды, ошол акылын, ошол убакытын, ошол күч-кубаттарын мамлекетибиздин өнүгүшүнө жумшоого чакырар элем.
Популисттик, демогогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек!
Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм. Сиздерге рахмат гана айтам.
Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз.
Ошондой эле «демократия» деген атка жамынып алып, жоопкерчиликтен мурун, ээн ооздукка, ээн баштыкка баргандын өзү жапайы көрүнүш.
Жалган маалыматтарды таратып, тынч жаткан элдин башын айландырып, өнүгүүгө терс таасир эткендердин баштарынан сылабайбыз.
Андайларга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн буга чейин да айткам, азыр да айтам!
Коомдук пикирди жаратуучу топтордун баары биригип, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда жаратман демилгелерди, жасалып жаткан жакшы иштерди баарыбыз жапырт колдоого алалы!
Урматтуу эл өкүлдөрү, сиздерге жаңы сессияда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барууңуздарды каалайм.
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактары конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү мындан ары да экономиканы бекемдөөгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөбүздү өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерин ырааттуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенем.
Кыргызстаныбыздын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн кабыл алып жаткан мыйзамдарыңыздарга жана жасап жаткан иштериңиздерге ийгилик каалайм!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”.

