“БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 03.05.2023
  • 0

Мектеп окуучуларынын жана студенттердин “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” Эл аралык форуму жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды.

“БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

24-28-апрель күндөрү Бишкекте өткөн форумга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан жана Россиядан келген 350дөн ашуун жаш ойлоп табуучулар катышып, калыстарга 200дөн ашуун илимий жана ойлоп табуучулук долбоорлор экспонаттар жана эксплуатациялык моделдер сунушталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору Камчыбек Кожогулов жетектеген калыстар тобунун курамына академиктер, КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү, илимдин докторлору, окумуштуулар, ойлоп табуучулар жана Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамы кирди.

Калыстар тобунун чечими менен I орунду ээлегендер:

  • Каледина Анастасия – “Алтын туйун” УБИТА, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Чунихина Валерия – Россия, Екатеринбург ш, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Холматов Адылбек – Баткен облусу, “Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар” номинациясы;
  • Папушина Сабина – Бишкек ш, “Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар” номинациясы;
  • Кусанов Баястан – Бишкек ш, “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Тахирова Элизабет – “Алтын туйун” УБИТА, “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Алмазбеков Урмат – Нарын облусу, “Алтын туйун” УБИТАнын филиалы;
  • Ветшанов Павел – Бишкек ш, “Дубалга илинүүчү моделдер” номинациясы;
  • Уланбеков Мээримбек – И.Раззаков атындагы КМТУ, “Дубалга илинүүчү моделдер” номинациясы;

II даражадагы диплом жана күмүш медаль менен сыйлангандар:

  • Михин Глеб – Бишкек ш, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Муткогло Тимур – Россия, Казань ш, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Егоров Марк – Россия, Казань ш, “Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар” номинациясы;
  • Советканов Ринат – “Алтын туйун” УБИТА, “Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар” номинациясы;
  • Алейников Владимир – “Алтын туйун” УБИТА, “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Кошбалаев Дастан – Ош облусу, “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Рудяков Кирилл – Россия, Кузбасс облусу, “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар” номинациясы;
  • Плаксин Григорий – Россия, Кемерово облусу, “Дубалга илинүүчү моделдер” номинациясы;
  • Кузнецов Артём – Россия, Кузбасс мамлекеттик техникалык университети, “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар” номинациясы;

Коло медалдын ээси болгондор:

  • Акжолов Санжар – Талас облусу, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Акмолдаева Назира – Казахстан, Алматы ш, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Журавлёв Максим жана Ашимов Асанали – Казахстан, Акмолин облусу, “Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер” номинациясы;
  • Таалайбеков Нурсултан – Нарын облусу “Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар” номинациясы;
  • Токболот уулу Нурбакыт – Нарын облусу, “Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар” номинациясы;
  • Платонов Семен – Россия, Якутск ш, “Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар” номинациясы;
  • Сазонов Сергей – Россия, Екатеринбург ш, “Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Самохин Артем – Ысык-Көл облусу, «Маалыматтык технологиялар жана программалоо” номинациясы;
  • Жумабеков Дамир – Талас облусу, “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар” номинациясы;
  • Ришат уулу Адиль – “Алтын туйун” УБИТА, “Дубалга илинүүчү моделдер” номинациясы;
  • Мукамбетов Эстебес – И.Раззаков атындагы КМТУ, “Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар” номинациясы;

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан Кыргызстандын окуучу жана студенттеринин илимий-техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн уюштурулган мш-чара 2023-жылдын апрель айында өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгиледи.

Мындан тышкары, «Дубалдык моделдер» номинациясында мыкты инновациялык жана автордук чечими үчүн Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М.Карбышев атындагы №1 орто мектебинен Алихан Джолдошев жана  Ысык-Көл облусунун Тоң районунан Айдина Аскарбекова ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы №300 токтомуна ылайык, “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары”  форумунун жеңүүчүсү болгон Кыргыз Республикасынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү республикалык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү менен бирдей республиканын жогорку окуу жайларынын техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдөрүнүн студенти болууга мүмкүнчүлүк алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер