БИЗ ТЫНЧТЫКТЫ СҮЙӨБҮЗ!
- 24.02.2020
- 0
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинде болуп өткөн иш-чара Мекенди коргоо күнүнө арналды. “Биз тынчтыкты сүйөбүз” темасындагы тарбиялык саатты ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалим Фарида Суранчиева өткөрдү.
Анда балдар мекенге, тынчтыкка жана жалпы эле ата-журтка арналган кол эмгектерин көргөзүштү. Тарбиялык саатты өткөн башталгыч класстын мугалими Фарида Суранчиева бөбөктөргө патриоттук сезимди тарбиялаган ушундай иш-чаралардын таасири зор экендигин белгилейт.
— Балдардын кол эмгектерин карап отуруп, толкунданбай кое албадым. Алар балапан жүрөгүнүн түпкүрүндөгү бир жакшы сезимдерин сүрөттөр аркылуу чагылдырышты. Иш-чарага келишкен Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, кесиптештер, окуучулар жана ата-энелер да ыраазы болуп кайтышты,-дейт Фарида Суранчиева.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер