“БИЗ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ”  КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 18.11.2021
  • 0

17-ноябрь — Студенттердин эл аралык күнүнө карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Биз таланттарды издейбиз” аттуу факультеттер арасында кароо-сынак өткөрүлдү.

Кароо-сынак үч бөлүктөн туруп, саламдашуу, обондуу ыр, бий багыттары боюнча студенттер таланттарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында таланты, сахнадагы жүрүм-туруму, чыгармачылык жөндөмү, мыкты даярдыгы менен келген факультеттердин студенттери жеңишке жетишти.

Калыстар тобунун баалоосу менен 3-орунга Кесиптик колледждин студенттери, 2-орунга тарых-филология факультети менен табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери ээлик кылып, 1-орунду юридика-бажы факультети, баш байгени гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенттери багындырышты.

Андан сырткары “Эң мыкты ырчы”, “Эң мыкты бийчи” номинациясынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер