“БИЗ СПИДГЕ КАРШЫБЫЗ!”

  • 01.12.2021
  • 0

1-декабрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чара Эл аралык медициналык колледжи тарабынан өткөрүлдү. 

Иш-чарага колледждин студенттери, профессор-окутуучулар курамы, тийиштүү областтык жана шаардык уюм-мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери катышты. Анда жугуштуу СПИД илдетинин адамзаттын саламаттыгына тийгизген залакасы, сергек жашоо ыңгайы тууралуу баяндамалар берилип, тема боюнча бир катар сахналаштырылган оюндар, видео тасмалар көрсөтүлүп, дубал гезиттеринин жана дил баяндардын сынактары жыйынтыкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер