Бишкекте жаңы жылына окуу карата даярдыктар көрүлүп жатат

  • 11.08.2023

Бишкектин Ленин районунун мектеп жана бала бакчалары 2023-2024-окуу жылына карата даярдык иштетин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова №59, №40, №97, №79, №93, №57, №7, №82, №95, №9 жана №26 ,№28 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшеришти.

Учурда билим берүү мекемелеринде куруучулар жылытуу системасынын түтүктөрүн, терезелерди, радиаторлорду алмаштырып, коридорлорду, чечинүүчү бөлмөлөрдү жана санитардык түйүндөрүн оңдоп жатышат.

Бөлүшүү