БИШКЕКТИН МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ КАДР ЖЕТИШСИЗДИГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 20.04.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында борбор калаадагы мектептерде кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин жоюу боюнча кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Катышуучулар педагогикалык кадрлардын жетишсиздигин жана борбордогу мектептердеги билим берүүнү жакшыртуу жаатында ЖОЖдор менен билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында ЖОЖдордун кесипке багыт берүү ишин күчөтүү, студенттерге 2-3 курстан баштап узак мөөнөттүү педагогикалык практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү, педагогикалык окуу жайларды бекитүү менен мектептердин профилин калыбына келтирүү зарыл деген жыйынтык чыгарылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер