БИШКЕКТИН ЭКИ МЕКТЕБИНЕ АЗЕРБАЙЖАНДЫН АТАКТУУ ИНСАНДАРЫНЫН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛАТ

  • 11.10.2022
  • 0

Баш калаабыздын  эки мектебине Азербайжан Республикасынын алдыңкы инсандарынын ысымы коюлат.

2022-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушундагы № 103 жаңы мектеп ачылат. Ачылуу аземинде мектепке Азербайжан элинин улуу ойчулу, акыны Низаминин аты берилет.

 

Ушул эле күнү № 20 ОТК МГда жаңы кошумча корпусунун ачылуу аземи болот жана мектеп-гимназияга Азербайжандын мамлекеттик, саясий жана партиялык ишмери, экс-Президенти Гейдар Алиевдин аты ыйгарылмакчы.

№ 20 мектеп 1969-жылы ачылып, 1991-жылы эксперименталдык аянтчалар уюшулган. 1998-жылы гимназия-мектеби, 2009-жылы Окуу-тарбия комплекси макамын алган. Проекттик сыйымдуулугу боюнча: жогорку класстардын корпусунда 760, башталгыч класстардын корпусунда 270 окуучу окуйт.

Эки мектептин курулуш иштери Азербайжан мамлекети тарабынан каржыланган.

А.Асаналиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер