БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМОЛОР

  • 21.04.2024
  • 0
БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОР

67kg GR  Amantur Ismailov (KGZ)

21-апрелде кечинде Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында жарым финалдык таймаштар абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү. Себеби  бул күрөштө 12 жеңүүчүгө Париж олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.

Мында Кыргызстандын намысын тандалган 4 балбан коргоп, үч балбан: Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Роман Ким жарым финалга чыгышып, олимпиадалык жолдомону Амантур Исмаилов гана жеңип алды.

Жарым финалдарга кимдер чыгып, кимдер Париж олимпиадасына жолдомо алышанын кыскача баяндайлы.

60 кг салмакта 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казак балбаны Айдос Султангали жарым финалда  Кытай Тайпэйинин өкүлү ЖуиЧи Хуанг менен беттешип, Айдостун жылдызы жанып, Парижге жолун ачты.

Ал эми экинчи жарым финалда Азия чемпионаттынын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Азия оюндарынын коло байге ээси, Түндүк Кореялык Се Юнг Ри менен Түштүк Кореянын балбаны Дахун Ким күрөшүп, түндүк кореялык балбан Париж олимпиадасына бармак болду.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Жоламан Токио олимпиадасында жолу болбой, байгелүү орунга илинбей калгандыктан эми Парижде олимпиада чемпиону болсом деп даярдык көрүп жатат.

67 кг салмакта кыргызстандык күйөрмандарды  кыргыз балбаны Амантур Исмаилов сүйүнтүп, жарым финалда жарым финалда кытайлык Хитсуету жеңип алуу  менен Амантур дагы Париж олимпиадасына жолдомо алды.

БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОР26 жаштагы  Амантур  Бишкек шаарында туулган. 2018-жылы Индонезиянын Жаркарта шаарында өткөн Азия оюндарынын коло медалын уткан.  2022-жылы Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы 67 кг салмакта үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.  2021-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында дагы коло байгелүү болгон. Ушул жылы Түркиянын Коня шаарында Ислам тилектештер оюндарында финалга чейин жетип, күмүш байгенин ээси болгон.Устаттары Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыручулар Дастан Мухтаров менен Чыңыз Пиримкулов.

Экинчи жарым финалда  Киоторо Согбе менен казак балбаны Мейиржан Шермаханбет Париж олимпиадасынын жолдомосу үчүн таймашып, бул ирет жапон балбаны чеберчилигин көрсөтүү менен жеңишке жетип, олимпиадага баруу укугуна ээ болду.

77 кг салмакта жарым финалга дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казакстандык  Демеу Жадраев менен  Түштүк Кореялык Довон Ли күч сынашып, казакстандык балбандын жылдызы жанып, Парижге аттанмак болду.

Экининчи жолдомо Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, ирандык  Амин Кавианнежадге ыгарылды. Ал кытайлык Руй Лиу утуп алды.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов экинчи ирет алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Акжол Токио олимпиадасында күмүш медаль уткандан бери Парижде олимпиада чемпиону болсом деп тилек кылып келатат.

87 кг  салмакта жарым финалда  Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык  Жалгасбай Бердимуратов менен ирандык  Алиреза Мохмадирпини  жолдомо үчүн мөрөй талашып, ирандык балбан олимпиадалык жолдомого ээ болду.

Экинчи жарым финалда кытайлык Хайту Киан  иорданиялык Султан Али Мохед Дамен Эйтти утуп алуу менен Парижге жолун ачты.

97 кг. салмакта жарым финалда   дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын чемпиону, өзбекстандык Рустам Ассакалов менен Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков  күрөшүп, 40 жашка чыгайын деп калган Рустам карт бөрүлүк кылып, мөрөйдү колдон чыгарбай  28 жаштагы Үзүрдү утуп алды.  Ошентип, карыса дагы бир койлук алы бар дегендей Рустам Париж олимпиадасына бармак болду.

БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОРАл эми экинчи жарым финалда Сауд Арабиянын балбаны Ибрагим Фаллатах Мохаммед  менен Түштүк Кореялык Сеунжин Ким күрөшүп, түштүк кореялык балбан жеңишке ээ болду.

130 кг. оор салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Азия чемпионатынын коло байге ээси Роман Ким жарым финалда Азия чемпиону,  казакстандык  Алимхан Сыздыковго алдырып койду. Ошентип Париж олимпиадасынын жолдомосу Алиханга буйурду.

Оор салмактагы экинчи жарым финалда Түштүк Кореянын балбаны Сеун Чан Ли менен жапониялык Сота Окумура күч сынашып, Парижге жолдомону  түштүк кореялык балбан утуп алды.

Ошентип, 19-апрелде Бишкекте башталган Азиялык лицензиялык турнир 21-апрелде жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык 4 балбан Париж олимпиадасына жолдомо жеңип алышты. Алар:  эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев, кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова, грек-рим курөшүнөн Амантур Исмаилов болушту.

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде тогуз жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы,

БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОР

БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОР

FS 70kg — Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

БИШКЕКТЕН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА  ЖОЛДОМОЛОР

Бөлүшүү

Комментарийлер