БИШКЕКТЕН БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ

  • 16.09.2022
  • 0

Борбор калаабызда Баткенди колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуу иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын төрт административдик районунда гуманитардык жана башка жардамдарды чогултуу үчүн жергиликтүү аянтчалар түзүлдү.

Уюштуруучулар баш калаанын тургундарына мүмкүн болушунча жылуу кийим, ичүүчү суу, дары-дармектер, азык-түлүк жана жеке гигиена каражаттарын чогултуу өтүнүчү менен кайрылууда.

Кабыл алуу даректери:

Октябрь райондук акимиаты: Байтик баатыр көчөсү, 17. Байланыш телефону: 0704 049-404;

Ленин райондук акимиаты: Чүй проспектиси, 315. Байланыш телефону: 0500 042-215;

Свердлов райондук акимиаты: Чүй проспектиси. Байланыш телефону: 28, 0702 148-830;

Биринчи май райондук акимиаты: Жибек-Жолу проспектиси, 495. Байланыш телефону: 0700 635-555;

Мындан тышкары, Көлмө, Ак-Босого, Ак-Тилек, Эне-Сай жаңы конуштарында, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында ж.б. кабыл алуу пунктары уюштурулду.


“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер