БИШКЕКТЕН БАЛЫКЧЫГА КАТТАГАН ПОЕЗДГЕ VIP ВАГОН КОШУЛДУ

  • 14.07.2023
  • 0

Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу поездге дагы бир VIP класстагы вагон кошулду. Бул тууралуу «Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  вагондун интерьери улуттук стилде жасалып, панорамалык терезелер орнотулган.

Ошондой эле, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн VIP класстагы вагондо кондиционер, эки телевизор жана wi-fi бар. Мындан тышкары, закускаларды жана суусундуктарды сатып алууга мүмкүн болгон бар орнотулган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер