БИШКЕКТЕГИ СУРДО-ТАЭКВОНДО ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ

  • 29.03.2024
  • 0

БИШКЕКТЕГИ  СУРДО-ТАЭКВОНДО  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ26-марттан бери Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда   сурдо-таэквондо боюнча Дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүүдө. Угуусу начар спортчулар арасындагы бул дүйнө чемпионатына 14 өлкөдөн келген 120 спортчу катышып, мөрөй талашууда. Бул мелдеш  ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчуларга болгон камкордук болуп саналат.

Мында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргоп жатат.

Алар: Эркектер:Дильфат Именов, Баястан Женишов, Азамат Мавлонов, Арстанбек Турдалы уулу, Атай Азизбек уулу.

Кыз-келиндер: Асылхан Турдукулова, Айганыш Саржанова, Гульжан Жаналиева, Айгерим Даниярова, Шахида Амирова, Кунсулуу Олжобай кызы, Бермет Марсбекова, Сабина Карыбекова.

БИШКЕКТЕГИ  СУРДО-ТАЭКВОНДО  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫМелдештин биринчи күнүндө татамиде эркектер арасында 54 жана 58 кг чейинки салмакта, ал эми кыз-келиндер арасында 46 жана 49 кг чейинки салмак категориясында беттештер болуп өттү. Эркектер арасында 54 кг чейинки салмакта Дильфат Именов коло медалга ээ болсо, кыз-келиндер арасында 46 кг чейинки салмакта Асылхан Турдукулова күмүш медалга, Айганыш Саржанова коло медаль тагынды. 49 кг чейинки салмак ченинде Гүлжан Жаналиева 3-орунду ээледи.

БИШКЕКТЕГИ  СУРДО-ТАЭКВОНДО  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫМелдештин экинчи күнүндө  эркектер арасында 68 жана 63 кг чейинки салмакта, ал эми кыз-келиндер арасында 53, 57 жана 62 кг чейинки салмак ченинде беттешүүлөр жыйынтыкталды.
Натыйжада эркектер арасында 63 кг чейинки салмакта Баястан Жеңишов коло медалга ээ болсо, кыз-келиндер арасында 53 кг чейинки салмакта Шахида Амирова алтын медалга, ошол эле салмакта Күнсулуу Олжобай кызы 3-орунду ээледи. Ал эми 57 кг чейинки салмакта Бермет Марсбекова жана 62 кг чейинки салмакта Сабина Карыбекова коло медаль тагынды.

БИШКЕКТЕГИ  СУРДО-ТАЭКВОНДО  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫЖеңүүчүлөргө медалдарды тапшыруу аземи Эл аралык дүлөйлөр спорт комитетинин өкүлү Александр Поливанчуктун, ICSD таэквондо боюнча техникалык директору Бонгкю Чонг мырзанын жана Кыргыз Республикасынын Сурдолимпиада боюнча улуттук комитетинин президенти Арам Акопяндын катышуусунда өттү.

Эскерте кетсек, 26-март күнү башталган сурдо-таэквондо боюнча Дүйнө чемпионаты 29-мартта кечинде жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер