БИШКЕКТЕГИ МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТЕР ИШТЕЙ БАШТАДЫ

  • 07.09.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы музыкалык мектептер бардык санитардык талаптарды сактоо менен салттуу режимде иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мектептер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругунун негизинде иш башташты. Ага ата-энелердин жана мугалимдердин мэрияга окуу баштоого уруксаат сурап кайрылгандары негиз болгон. Ата-энелер өз кайрылуусунда онлайн окутуу чыгармачылыкка туура келбей, экран аркылуу окутканда, аспаптардын үнү жакшы угулбай жатканын билдиришкен.

Бишкекте учурда тогуз балдар искусство мектеби жана бир балдар көркөм мектеби иштейт. Бул жерлерде балдарга жеке сабак өтүлүп, сабактарга эки-үчтөн гана окуучу катышат. Бардык имараттар коргонуу каражаттары менен жабдылып, имараттын ичи желдетилип, дезинфекцияланып турушат.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер