БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕПТЕР КАДИМКИ ТАРТИПТЕ ИШТЕЙТ

  • 17.10.2025
  • 0

 17-октябрда шаардагы муниципалдык мектептер кадимки оффлайн тартипте иштей баштады.  Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕПТЕР КАДИМКИ ТАРТИПТЕ ИШТЕЙТ

Кечээтен бери элди дүрбөлөңгө салган маалымат көп адамдарды бушайман кылды. Ал учурда Бишкек шаардык мэриясынын вице-мэри В.Мозгачева окуучулардын коопсуздугун коргоодо, 17-октябрда борбор калаадагы мектептер онлайн окууга өтөт деген буйругун чыгарган болчу. Бирок Ички иштер министрлиги окуучуларга коркунуч келтирген видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес экени аныкталганын, кайрадан окуу кадимки тартипте өтөөрүн расмий жарыялашты.

Тизмеге киргизилген бардык мектептер укук коргоо органдары тарабынан тыкыр текшерилип, кооптуу буюмдар же коопсуздукка коркунуч туудура турган жагдайлар табылган жок экени маалымдалды.

Ошого карабастан, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылышууда. Ушуга байланыштуу, мэрия онлайн окутууну жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.

Жүрөктүн үшүн алган маалыматка таянсак, видео тараткан  Ярослав Овсюк деген ар кайсы шаарга маалыматтык ызы-чуу салган адаты бар адам экени айтылат.

БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕПТЕР КАДИМКИ ТАРТИПТЕ ИШТЕЙТ

Ошондуктан колдон келишинче маалыматты тактап, талдап анан таратуу азыркы заманда маанилүү экени да баса белгиленди.

Блогер Атай Бейшенбек кечээки окуя бир шек жараткан маалымат таратуунун алдында аны тыкыр текшерүү, расмий маалыматтар менен салыштыруу, сөзсүз тактоо керек экендигин көрсөткөнү боюнча баракчасына жазып чыкты.

— Азыркы доордо ар ким жасалма интеллект же жөн эле ар кандай онлайн платформа аркылуу сүрөттү өзгөртүп, элди адаштырып паникага салып кое алат.

Ошондуктан кандайдыр бир күмөндүү маалыматты көргөндө, текшербей туруп таратуудан алыс бололу. Адегенде кайдан чыкканын, тараткан булак ишенимдүүбү карагыла, сүрөттү Google же Яндекс аркылуу издегиле, анан ишенсе болот. Мисалы, кече күнү 2ГИС платформасынын сүрөттөрүн алып эле рюкзак кошуп, телеграмм каналында жасалма интеллект аркылуу элди чаташтыра берген. Албетте, сак бололу, маалыматка так бололу! Бар болуңуздар! – деди блогер.

Бирок, сактыкта кордук жок дегендей, сак болуу керек. Себеби мындай жүрөктү титиреткен маалыматтар жөн жерден эле чыга калбайт. Кээ бир учурда айрым кызыкдар адамдар аркылуу элди дүрбөлөңгө салуу үчүн таратылары мүмкүн. Анткени жакындагы киши өлтүргүчтөр тууралуу талкууну азайтууга, же шайлоого аттанган айрым талапкерлер өздөрү тууралуу соцтармактарда жарыяланып жаткан терс маалыматтардан алыстатууга, айтор, элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылган маалымат болушу да ыктымал. Бирок «балдардын баарын жоготобуз» деген: мерес, жүрөгү таш,  баласы жок, канкор адам экенин көрсөттү. Кандай болгон күнү дагы коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин билдирген бул коңгуроо — мектептердин ичинде эле эмес, тегерегине чейин видеокөзөмөлдөрдү көбөйтүү керек экенин көрсөттү.

Коопсуз мектеп – коопсуз окуучу!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 P.S. Ярослав Россия тарабынан эл аралык издөөдө, расмий маалыматка ылайык Кыргызстанга кирген эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер