БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШТАГЫ АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТИ КОЛЛЕДЖИ
- 30.04.2026
- 0
БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШТАГЫ АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТИ КОЛЛЕДЖИ
Эльмира Чалова, колледждин мүдүрү
2025-жылдын 15-сентябрында Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин түзүлгөнүнө 95 жыл толду. Колледжди түзүү боюнча биринчи буйрук 1930-жылы 15-сентябрда чыккан.
Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджменти колледжи – Кыргызстандагы жигердүү өнүгүп, өркүндөп, бүтүрүүчүлөрүнө ар кандай адистиктер боюнча терең билим жана мыкты кесиптик даярдыкты камсыз кылган заманбап окуу жайы.
Бул колледжде 1000ден ашык студент билим алат. Окутууга заманбап мамиле кылуу менен иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын эске алып, практикалык негизде окуу процессин жүргүзөт. Сапаттуу билим алууну жогорку квалификациялуу, таланттуу, өз ишин билген мыкты, өз эмгегин баалаган, кызыккан жана чыгармачыл мугалимдер, жакшы материалдык-техникалык база камсыз кылат.
Окуу-тарбия процесси өрткө каршы, санитардык-гигиеналык бардык нормаларга жана талаптарга ылайык келген эки окуу корпусунда уюштурулган. Бардык окуу кабинеттер жана лабораториялар техникалык каражаттар жана эмерек, эстетикалык жасалгалоолор менен жабдылган, о.э. керектүү көргөзмө куралдар, таблицалар, стенддер ж.б. бар.
Заманбап персоналдык компьютерлер жана техника менен жабдылган алты компьютердик зал бар (информатика, маалыматтык технология кабинети), о.э. “Интернетке” байланышуу мүмкүнчүлүгү,Wi-Fi зонасы менен окуу залы бар китепканага ээ.
Мындан сырткары, БКАМК медпункт, жыйын залы жана 100 орундук ашканасы бар.
Ар бир окутуучу компьютер менен иштөө тажрыйбасына ээ, окуу процессинде компьютердик технологияларды активдүү колдонушат.
Биздин колледж, 2024-жылдан республикадагы пилоттук окуу жайлардын бири катары заманбап инклюзивдик коопсуз, гендердик багыттагы билим берүү шарттары менен, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдай турган Алдыңкы тажрыйба борборуна айланды.
Мындан сырткары, колледждин дагы бир жетишкендиктеринин мисалы катары, 2019-жылдан баштап төрт жылдык долбоор болгон Германия Федеративдик Республикасынын “Казакстан жана Кыргызстандын эмгек рыногунун талабына ылайык курулуш адистиктериндеги техникалык жана жогорку кесиптик билим берүү” GIZ жана KNAUF компаниясы менен биргелешкен (дуалдык билим берүү) пилоттук долбооруна кирүүгө жетишип, курулуш тармагына заманбап технологиялык жасалга иштерин жасай ала турган адистерди даярдоодо кесиптик даярдыктарынын деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. Бул долбоордо кадрларды даярдоодо курулуш компаниялары менен колледжди түздөн-түз байланыштырган немецтик дуалдык окутуу системасы колдонулат. Студенттер окуусунун 70 пайыз убактысын курулуш компанияларында өткөрүшөт.

Кабыл алуу шарттары:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин астында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелген https://2020.edu.gov.kg/spuz/ бирдиктүү онлайн форма аркылуу БКАМКга кабыл алуу жүргүзүлөт. Кирүү сынактары негизги же орто мектептин программасына ылайык, базалык билим жөнүндө сертификаттын орточо баллын эсептөө менен онлайн режиминде жүргүзүлөт (кыргыз же орус тилдерине, математикага жана башка сабактарга өзгөчө көўүл бурулат).
“Архитектура” жана “Дизайн (тармактар боюнча)” адистигине тапшыргандар “Сүрөт” сабагы боюнча кошумча кирүү сынагынан өтүшөт.
Адистиктер/профессиялар
Күндүзгү окууга бюджеттик жана контракттык негизинде төмөнкү адистик кабыл алынат:
| Коду | Адистиктин аталышы | Окуу мезгили | Квалификация | |
| 9-кл. базасы | 11-кл. базасы | |||
| 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник |
| 270301 | Архитектура | 3 жыл 6 ай | 2 жыл 6 ай | техник |
| 270110 | Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник |
| 250403 | Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник |
| 270401 | Нарктык инжиниринг | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник-сметчик |
| 080114 | Жер жана мүлк мамилелери | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | экономист |
| 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | дизайнер |
| 140212 | Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник |
| 230109 | Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | техник-программист |
| 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) | 2 жыл 10 ай | 1 жыл 10 ай | Бухгалтер |
Аралыктан окуу бөлүмүнө төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алынат:
| Коду | Адистиктин аталышы | Окуу мезгили | Квалификация |
| 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 2 жыл 6 ай | техник |
| 270401 | Нарктык инжиниринг | 2 жыл 6 ай | техник-сметачы |
| 270110 | Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо | 2 жыл 6 ай | техник |
Керектүү документтер:
Колледжге кирүүгө арыз бергенде, абитуриент кабыл алуу комиссиясына өзүнүн инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документтерди берет:
▶ Арыз — Смартфон жана ПК үчүн ылайыкталган кеңсе тиркеме аркылуу толтурулган арыз;
▶ Билими тууралуу документ (орто билими жөнүндө аттестат, негизги билим жөнүндө күбөлүк);
▶ Түстүү сүрөт 3х4 — 6 даана;
▶ Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (же паспорттун эки жагын, же күбөлүктүн эки жагын сүрөткө тартып Whats App аркылуу жөнөтүү зарыл);
▶ Медициналык тастыктама 086У;
▶ Аскерге жарамдуу тастыктама.
Кабыл алуу комиссиясы
күнүгө (жекшембиден сырткары) саат 9:00дөн 16:00гө чейин иштейт.
Байланыш номери:
0 (312) 590 040,
0 (559) 003 986,
0 (558) 998 198
Дареги: Бишкек шаары,
Лев Толстой көчөсү, 62.
www.bkams.kg




Комментарийлер