Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ балон жарылып, бир адам каза болду

  • 22.08.2023
  • 0

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ балон жарылып,  түштүк кореялык 50 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ балон жарылып, бир адам каза болду

Маалыматка ылайык, окуя 21-август күнү саат 15:40та болгон. Анда Бишкек ШИИББге 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ боллон жарылып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 1973-жылкы түштүк кореялык Л.С. аттуу аялдын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароодо анын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес.

Дагы бир жабырлануучу №3 шаардык балдар ооруканасына, экинчиси № 4 клиникалык Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Бөлүшүү

Комментарийлер