БИШКЕКТЕГИ №88 МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА
- 16.06.2026
- 0
Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жайгашкан №88 мектебине кошумча 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы бидирди.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус үч кабаттуу болот. Объекттин жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө имараттын экинчи кабатынын колонналарын тургузуу иштери аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер