БИШКЕКТЕГИ №68 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА ЖАҢЫ СПОРТ ЗАЛЫ МЕНЕН СПОРТ КОРПУСУ КУРУЛАТ

  • 02.08.2023
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №68 мектеп-гимназиясынын  аймагына спорт залы менен спорт корпусунун курулушун баштады.

БИШКЕКТЕГИ №68 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА ЖАҢЫ СПОРТ ЗАЛЫ МЕНЕН СПОРТ КОРПУСУ КУРУЛАТ

БИШКЕКТЕГИ №68 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА ЖАҢЫ СПОРТ ЗАЛЫ МЕНЕН СПОРТ КОРПУСУ КУРУЛАТ

Маалыматка ылайык, имараттын жалпы аянты — 1111,49 чарчы метр, ал эми жердин аянты — 2,3 га. Курулуш мектептин түштүк-батыш тарабында, колдонуудагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон. Үч кабаттуу бир блоктон турган спорт корпусу жана газ жабдуусу менен откана курулат. Ошондой эле универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн аянтча (башталгыч класстар үчүн) каралган. Учурда котлованды казуу жана пайдубал негизин куюу иштери бүткөрүлдү.

Спорттук корпусту куруу үчүн «Аргын Курулуш» ЖЧКсы — подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер