Бишкектеги №26 мектепте сабактар үзгүлтүк болгон жок, мугалим жетиштүү
- 12.09.2024
- 0
Баш калаадагы №26 мектепте мугалимдер массалык түрдө кетип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мектептин директору Жумгал Ботаева билдирди.
Буга чейин соцтармактарда бул мектепте бир канча мугалимдин сабагы кыскарып, эмгек акы азайгандыктан мугалимдер иштен бошоп кетип жатат деген такталбаган маалымат тараган. Мектеп жетекчиси бул маалыматты жалган деп четке кагып, учурда окуу процесси өз нугунда жүрүп, сабактар толук өтүлүп жатканын белгиледи.
“Жаңы окуу жылында бизде 2300 бала билим алып баштады. Быйыл биринчи жолу эки кыргыз классын ачтык, 1-класска жалпы жети класс кабыл алдык. Мектеп эки нөөмөттө окуйт. Сентябрдын башында эки мугалимибизди пенсияга узаттык, бирөө чет өлкөгө кеткенине байланыштуу орду бош болчу, дагы бири үй-бүлөлүк абалына байланыштуу иштен бошогон. Ошентип, жаңы окуу жылында 14 мугалимди кабыл алдык. Бизде учурда бир гана орус тилден берген мугалим жетишпейт, бирок бул маселе дагы чечилип, мугалимди күтүп жатабыз. Ал мугалим мурунку жумушунан эки жумалык иш күндөрүн бүтүрүп бизге келет. Мындан сырткары, музыка сабагынан 17 саатка, физикадан 12 саатка эле ваканттык орун бар”, — деди директор.
Дагы бир такталбаган маалымат мектептин кошумча имараты жөнүндө болчу.
Бул мектептин башталгыч классы буга чейин №138 бала бакчанын имаратында окучу. Гимназия статусу жоюлганы айрым класстар бошоп, азыр бардык окуучулар бир корпуста окуп, кошумча имарат кайра мэрияга өткөрүлүп берилди.
Бала бакчанын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин кайрадан өз багытында иштеп баштайт.
Жетекчи быйыл башталгыч класстарга кошумча имараттын курулушу башталарын, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы бул милдетти моюнуна алганын кошумчалады.
Бул окуу жай Бишкектеги эң алдыңкы мектептердин бири. 1965-жылы ачылган мектеп көп ийгиликтерге жеткен.
1990-жылы француз тилин тереңдетип окутуу боюнча эксперименталдык аянтча түзүлгөн. 1997-жылы гимназия болуп, 2001-жылы француз тилин тереңдетип окутуу боюнча мектеп-гимназия статусуна ээ болгон. 2002-жылы шаардын эң мыкты инновациялык мектеби болуп таанылган. 2007-жылы окуу процессине мультимедиалык окутуу киргизилген.
2009-жылы эл аралык долбоорго катышкан 102 мектептин ичинен экинчи орунга ээ болгон. Ошол эле жылы «Жүрөгүм менин балдарда» конкурсунда жеңүүчү болгон.
Мындан сырткары, 2013-, 2017-жылдары шаардык сынакта «Мыкты кабинет», «Мыкты жаш мугалим», «Мыкты класс» номинацияларында жеңүүчү болуп таанылган.
Азыркы учурда мектептин педагогдор жамааты жаңы муун менен жаңыланып, мурдагыдай жеңиш салтын улантууга шыктанып иштеп жаткан убагы.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер