БИШКЕКТЕГИ №23 МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ БИЛИМ КҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТТА ТОСУШТУ
- 15.09.2026
- 0
Бишкек шаарындагы Гёте атындагы №23 жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары жаңы окуу жылын жаңы мектеп имаратында тосуп алышты.
Салтанаттуу иш-чарага Свердлов районунун акиминин орун басары Азат Ракымов жана Германиянын өкүлдөрү катышты.
Мектеп директору Аелита Жолчиеванын айтымында, быйыл 170 бала алгач ирет мектеп босогосун аттады.
Билим күнүнө карата мектепте салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө маанай тартууланууда. 
70 жылдык тарыхы бар билим берүү мекемеси эми 700 окуучуга ылайыкталган заманбап имаратта билим берет. Жаңы мектепте окуу процессин сапаттуу уюштурууга бардык шарттар каралган. 
Анда заманбап окуу кабинеттеринен тышкары медициналык блок, китепкана жана окуу залы, ашкана жана тамактануу залы, административдик бөлмөлөр, химия, физика жана биология сабактары үчүн лабораториялар, компьютердик класстар, кошумча билим берүү кабинеттер, жыйындар жана спорт залдары жайгашкан. Ошондой эле окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган ийримдер жана чыгармачылык өнөрканалар үчүн атайын бөлмөлөр түзүлгөн.
Мектептин аймагында окуучулардын дене тарбиясы жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн мини-футбол талаасы, баскетбол-волейбол аянтчасы, воркаут-зонасы жана балдардын оюн аянтчасы да бар. 
№23 мектептин тарыхы өзгөчө. Мектептин эски имаратында 1941–1944-жылдары Одесса аскердик учкучтар мектеби жана Ленинград дене тарбия институту жайгашкан. Ал эми 1952-жылдан тартып имарат мектеп катары пайдаланылып келет. 
Билим күнү — окуучулар үчүн жаңы окуу жылын баштоонун гана эмес, жаңы максаттарга умтулуунун, билимге болгон кызыгууну арттыруунун өзгөчө күнү. Быйыл №23 мектептин окуучулары бул күндү жаңы, заманбап шартта белгилеп, билим дүйнөсүнө кадам ташташты.