БИШКЕКТЕГИ 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

  • 12.08.2026
  • 0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында Президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.

БИШКЕКТЕГИ 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Маалымат боюнча, жыйынга подрядчы уюмдардын жана министрликтин тиешелүү департаменттеринин өкүлдөрү катышып, ар бир объект боюнча аткарылган иштер, курулуш темпи жана алдыдагы иштердин көлөмү каралды.

БИШКЕКТЕГИ 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Белгилей кетсек, жыл башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен окуучулардын саны эң көп болгон Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпысынан 36 мектеп куруу милдети коюлган. Мындан улам Бишкектеги 20 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль–март айларында башталып, учурда курулуш иштери соңку этапка келип калды. Бүгүнкү күндө сырткы жасалгалоо, инженердик тармактарды орнотуу иштери аткарылууда.

БИШКЕКТЕГИ 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

БИШКЕКТЕГИ 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Министр курулуштун жүрүшү боюнча күн сайын так маалымат берилип, аткарылган иштердин фото жана видео отчеттору кечиктирилбестен жөнөтүлүп турушу керектигин белгиледи. “Курулушта убакытты текке кетирүүгө жол берилбеши керек. Ар бир подрядчы уюм өзүнө алган милдеттенмесине жоопкерчилик менен мамиле жасап, иштерди сапат талаптарына ылайык аткарууга тийиш”, — деди министр.

Ошондой эле тиешелүү департаменттерге курулуш иштеринин сапатын, долбоордук талаптардын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын күн сайын көзөмөлдөө, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер