БИШКЕКТЕГИ №135 БАЛА БАКЧАНЫН ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ

  • 14.09.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы №135 бала бакчанын директору Ниязова Элмира ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Сеитова Гүлмира дайындалды. Бул тууралуу «Кут Билим» гезитине  аталган бала бакчанын кызматкери Ёжикова Елена билдирди.

БИШКЕКТЕГИ №135 БАЛА БАКЧАНЫН ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ

 

«Ал кысым көрсөтүүлөрдөн улам кетти. Жамаат анын кетишине каршы, ошондуктан мэрияга кайрылуу жасадык», — деп билдирди Ёжикова.

Бакчадан белгилешкендей, кызматтан кеткен Ниязова бул кызматта 20 жылдай эмгектенген. Ал 7-сентябрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Ниязова жумуштан өз каалоосу менен кеткенин тастыктады. Ал аталган бала бакчанын директору болуп 2001-жылы дайындалган.

Бөлүшүү

Комментарийлер