БИШКЕКТЕ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

  • 17.04.2026
  • 0

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жогорку окуу жайлар үчүн мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин бет ачары өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Бет ачарга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, жогорку окуу жайлардын проректорлору, окуу китептердин авторлору, ошондой эле илимий жана китепкана тармагынын өкүлдөрү катышты.

БИШКЕКТЕ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө «Химия», «Физика», «Кыргыз адабияты», «Медициналык паразитология», «Медициналык генетика», «Кинооператорлук чеберчилик», «Электр машиналары», «Бажы төлөмдөрү», «Электроника» жана башка багыттар боюнча даярдалган окуу китептер тааныштырылды.

Мамлекеттик тилде сапаттуу окуу материалдарын даярдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, бул кадам билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Министрдин орун басары Дурус Козуев өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү — ар бирибиздин жалпы милдетибиз экенин белгилеп, окуу китептердин авторлоруна жана жогорку окуу жайлардын жамаатына кайрылды:

«Мамлекеттик тилде даярдалган сапаттуу окуу китептер — билим берүүнүн негизги таянычы. Бул эмгектерди кеңири колдонуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө ар бириңиздер салым кошосуздар деп ишенем. Мамлекеттик тилди урматтоо жана аны билим берүү системасында бекем жайылтуу — биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири», — деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу китептердин нускалары авторлорго жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө андан ары билим берүү процессинде колдонуу үчүн салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер