БИШКЕКТЕ ЖАРЫМ МАРАФОН ӨТӨТ
- 04.09.2023
- 0
Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт. Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, спорттук жарыш 24-сентябрда саат 08:00дө «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көчсүндө, старт алат.
Ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат. Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.
Жарым марафонду Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы уюштурууда.
Марафон тууралуу толук маалымат: runthesilkroad.com сайтында
Байланыш телефону: +996 550 33 99 70.
Комментарийлер