Бишкекте жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт

  • 15.08.2023

 Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, марафон ушул жылдын 24-сентябрына белгиленген, анын алкагында 21,1 км, 10 км, 3 км, скандинаввиялык басуу жана 1 км (жаш жеткинчектер) аралыгында жарыштар өтөт.

Жарыштар “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда старт алат.

Толук маалымат: runthesilkroad.com.

Байланыш номери: +996 550 33 99 70.

Бөлүшүү