Бишкекте ШКУнун саммити өттү
- 01.09.2026
- 0
Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ачып, анда уюмга мүчө мамлекеттердин алдында турган актуалдуу маселелер талкууланып, ШКУну мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. 
Президент Садыр Жапаров саммитте Кыргызстандын позициясын билдирип, ШКУну тең укуктуу өнөктөштүккө негизделген, ишенимди, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган аянтча катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчысы коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруп, ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгын айтты. Ушул багытта коопсуздук чакырыктарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду тез арада ишке киргизүү маанилүү экени белгиленди. Ошондой эле Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоо үчүн зарыл шарттар түзүлгөнү айтылды. 
Саммиттин күн тартибинде экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси да маанилүү орунду ээледи. Садыр Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча ишти практикалык нукка өткөрүүнү сунуштап, мүчө мамлекеттерди биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда Ысык-Көл облусунда ачылган “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.
Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо маселеси көтөрүлүп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу аймактагы өз ара байланыштуулукту өнүктүрүүдөгү маанилүү долбоор катары белгиленди.
Мамлекет башчысы ШКУнун маданий-гуманитардык кызматташтыгын бекемдөө менен катар уюмдун бирдиктүү технологиялык мейкиндигин түзүүнүн зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, заманбап технологияларга мамлекеттердин тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, коопсуздук, экономика, транспорт, технология жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштарын билдиришти.
Саммиттин соңунда Президент Садыр Жапаров ШКУга төрагалык кылуу эстафетасын Пакистан Ислам Республикасына өткөрүп берди. 
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана Аймактык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев катышты.
Мамлекет башчылары Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ШКУнун жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.
А.К., «КБ»
Комментарийлер