Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандардын саны 71 адамга жетти

  • 03.10.2023

Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандардын саны 71 адамга жетти

Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган.

Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.

Бөлүшүү