БИШКЕКТЕ САНАРИПТИК РЕВОЛЮЦИЯ ЖӨНҮНДӨ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 29.04.2023
  • 0

28-апрелде “Санариптик революция: жаңы реалдуулук жана жаңы горизонттор” темасында туруктуу өнүгүүнүн инновациялык стратегияларын жана чечимдерин иштеп чыгуу боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

БИШКЕКТЕ САНАРИПТИК РЕВОЛЮЦИЯ ЖӨНҮНДӨ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Конференциянын ачылышында Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев билим берүү жана илим министрлигинин атынан катышуучуларды куттуктап, жогорку билим берүү системасына санариптик технологияларды интеграциялоо, билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн жаңы горизонтторун аныктоо жөнүндө ой бөлүшүүнү сунуштады.

“Биз билим берүүнү жеткиликтүү, эффективдүү жана интерактивдүү кылуу үчүн онлайн-курстарды, санариптик ресурстарды, билим берүү платформаларын жана маалыматтарды талдоо куралдарын иштеп чыгууну жана колдонууну колдойбуз”, — деди Азамат Найманбаев.

Конференцияда санариптик революциянын экономикага тийгизген таасири, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жасалма интеллект, блокчейн сыяктуу технологиялар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар, окутуу моделдерин адаптациялоо жана кадрларды өнүктүрүү маселелери каралды.

Конференцияны Адам Университети Конрад Аденауэр атындагы фонддун колдоосу менен уюштурууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер