БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?

  • 21.04.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?

Бүгүн, 21-апрелде түшкө чейин Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү. Себеби  бул күрөштө 12 жеңүүчү Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мыктылар иргелип, жарым финалга чыгышты.

Ошентип, ар бир олимпиадалык салмак категориясында жарым финалдын жеңүүчүлөрү кечинде өз өлкөсүнө Париж Олимпиада оюндарына жолдомо тартуулоо үчүн күч сынашат. Алтын жана күмүш медалдар үчүн күрөш, ошондой эле кайталоо беттештери болбойт.

Мында Кыргызстандын намысын тандалган 4 балбан коргоп, үч балбан: Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Роман Ким жарым финалга чыгышып, олимпиадалык жолдомо үчүн кечинде таймашууларга чыгат.

Жарым финалдарга кимдер чыгып, кимдер Париж олимпиадасына жолдомо алууга талапкер болушканын кыскача баяндайлы.

60 кг салмакта 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казак балбаны Айдос Султангали  жарым финалда  Кытай Тайпэйинин өкүлү ЖуиЧи Хуанг менен беттешет. Кимиси утса Парижге жолдомо алат.

Ал эми экинчи жарым финалга Азия чемпионаттынын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Азия оюндарынын коло байге ээси, Түндүк Кореялык Се Юнг Ри менен Түштүк Кореянын балбаны Дахун Ким чыкты. Эки кореялык тең Париж олимпиадасына барууну самап турат.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Жоламан Токио олимпиадасында жолу болбой, байгелүү орунга илинбей калгандыктан эми Парижде олимпиада чемпиону болсом деп даярдык көрүп жатат.

БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?Түшкө чейин 67 кг салмакта абдан курч таймашуулар болду.. Анткени бул салмакта Азиянын мыкты балбандары Парижди көздөп, жакшы даярдык менен келишкени байкалды.   Кыргызстандык күйөрмандарды Азия оюндарынын коло байге ээси, кыргыз балбаны Амантур Исмаилов сүйүнтүп, жарым финалга чыкты. Амантур биринчи айлампада эс алып, мелдешти чейрек финалда баштады. Анын алгачкы атаандашы Түндүк Кореялык Йонг Жин Ро болуп, аны утуп алуу менен жарым финалда кытайлык Хитсуету менен күч сынашмак болду. Амантур дагы Париж олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал.

Экинчи жарым финалда  Киоторо Согбе менен казак балбаны Мейиржан Шермаханбет Париж олимпиадасынын жолдомосу үчүн таймашка чыгат.

Ошентип, кечинде эки жолдомо үчүн кырчылдаган таймашууларга күбө болгону турабыз.

77 кг салмакта жарым финалга дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, казакстандык  Демеу Жадраев менен  Түштүк Кореялык Довон Ли чыкты. Кимисинин багы ачылып, жылдызы жанат? Аны кечки таймашуу аныктайт

Экинчи жолдомого Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, ирандык  Амин Кавианнежад менен кытайлык Руй Лиу талапкер болуп, жарым финалда беттешет

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов экинчи ирет алтын байге утуп, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Акжол Токио олимпиадасында күмүш медаль уткандан бери Парижде олимпиада чемпиону болсом деп тилек кылып келатат.

87 кг  салмакта жарым финалда  Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык  Жалгасбай Бердимуратов менен ирандык  Алиреза Мохмадирпини  жолдомо үчүн мөрөй талашат.

Экинчи жарым финалга кытайлык Хайту Киан менен иорданиялык Султан Али Мохед Дамен Эйт чыкты. Кимиси жеңсе Парижге жолун ачат.

Бул салмакта Кыргызстандын намысын  19 жаштагы Асан Жанышов коргоп,ал  8/1 финалда түркмөнстандык Абдуразаков жеңип алганы  менен чейрек финалда   ирандык Алирезага утулуп, мелдештен четтеп калды.

БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?97 кг. Салмакта жарым финалда   дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын чемпиону, өзбекстандык Рустам Ассакалов менен Токио олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков  күрөшмөк болду. Үзүр чейрек финалда индиялык атаандашын артыкчылык менен утуп алды. Бул беттешүүдө ким кыйын экени, кимисин  жолу Парижге буйурат, аны кечиндеги курч таймашуу аныктайт.

Ал эми экинчи жарым финалда Сауд Арабиянын балбаны Ибрагим Фаллатах Мохаммед  менен Түштүк Кореялык Сеунжин Ким күрөшмөк болду.

БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?130 кг. Оор салмакта 8 балбан Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мөрөй талашты. Бул салмакта Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын коло байге ээси Роман Ким коргоп, ал чейрек финалда ирактык Али Шарууну жеңип алуу менен жарым финалга жолун ачты. Эми Олимпиадалык жолдомо үчүн Роман кечки таймашта жарым финалда Азия чемпиону,  казакстандык  Алимхан Сыздыков менен күрөшөт.  Париж олимпиадасынын жолдомосу кимге буйурат, аны кечиндеги беттешүү аныктайт.

Оор салмактагы экинчи жарым финалда Түштүк Кореянын балбаны Сеун Чан Ли менен жапониялык Сота Окумура күч сынашмакчы.   Парижге жолдомо алуу экөө тең аракет кылышмакчы.

Кыргызстандык  үч балбан: Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Роман Ким жарым финалда олимпиадалык жолдомо утуп алышын каалап, сүрөөнгө алып туралы!

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан. 19-апрелде Бишкектеги Азиялык лицензиялык турнирде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев да Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышты. Кечээ, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова дагы жолдомо алды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?

БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?БИШКЕКТЕ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА АКЫРКЫ ЖОЛДОМОЛОРДУ КИМДЕР АЛАТ?

Бөлүшүү

Комментарийлер