БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРГА МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖАНА ФАКТЧЕКИНГ НЕГИЗДЕРИ ҮЙРӨТҮЛДҮ

  • 21.10.2026

Бишкек шаарында окуучулар үчүн медиасабаттуулук, фактчекинг, сынчыл ой жүгүртүү жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча заманбап билим берүү программасы ийгиликтүү уюштурулду. Борбор калаадагы 8 мектепти жана 600 окуучуну камтыган бул долбоордун негизги максаты — өсүп келе жаткан муунду маалыматты текшерүүгө, жалган кабарларды өз убагында таанууга жана санариптик технологияларды аң-сезимдүү пайдаланууга багыттоо болуп саналат. БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРГА МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖАНА ФАКТЧЕКИНГ НЕГИЗДЕРИ ҮЙРӨТҮЛДҮ

Программанын алкагында окуучулар заманбап санариптик мейкиндикте маалымат менен коопсуз иштөө үчүн зарыл болгон теориялык билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашимбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова жана чакырылган эксперт-спикерлер катышышты. Меймандар өз сөздөрүндө азыркы маалыматтык коомдо жаштар арасында медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн канчалык маанилүү экендигин өзгөчө белгилеп өтүштү. БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРГА МЕДИАСАБАТТУУЛУК ЖАНА ФАКТЧЕКИНГ НЕГИЗДЕРИ ҮЙРӨТҮЛДҮ

Салтанаттуу жыйында окутуунун натыйжалары чыгарылып, окуу процессинде мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, өзгөчө жигердүүлүгүн көрсөткөн жигердүү катышуучулар атайын сыйлыктар менен сыйланышты. Белгилей кетсек, бул маанилүү демилгени Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеши демилгелеп, уюштурду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү