БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРДЫ АТАЙЫН АВТОБУСТАР ТАШЫЙТ  

  • 16.11.2022

БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРДЫ АТАЙЫН АВТОБУСТАР ТАШЫЙТ  

Бишкекте кийинки жумадан тарта окуучуларды атайын автобустар ташый баштайт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Бул азырынча сынамык долбоор болуп саналат, андыктан каттамга ISUZU маркасындагы эки автобус гана чыгат. Долбоор ноябрь, декабрь айлары иштейт. Алгач мектеп автобустары № 13, 29, 69 жана 70 гимназиянын окуучуларын ташыйт.

Алгач долбоордун өзүн актаар-актабасы каралат, чечим андан кийин кабыл алынат. Эгерде долбоор пайдалуу боло турган болсо жаңы автобустар сатылып алынат. Жол кире мектеп директорлору жана ата-энелер комитети менен биргеликте чечилет. Биринчи этапта 5-7 мектепти тейлөө каралууда.

Ч.К. “КБ”

 

Бөлүшүү