БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА «РЕГБИ» ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 07.02.2023
  • 0

Бишкек шаарында 12,13 жаштагы окуучулар арасында биринчи жолу республикалык Регби  спорттук оюну болуп өттү.

БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА "РЕГБИ" ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Спорттук оюнга ар кайсы облус, райондордон жалпы тогуз команда катышты. 1-орунду Чүй облусунун окуучулары ээлесе, 2-орунду алыскы Ак-Талаа районунун Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинен келген жаш жеткинчектер багындырды. Алыскы региондон окуучуларды даярдап келген дене тарбия мугалими Анарбек уулу Тейитбек төмөнкүлөргө токтолду:

  •  Өзүм мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенем. Бул Регби оюну жөнүндө өткөн жылы сентябрь айында гана билдим. Регби оюнунун тактикасы биздин көк бөрү оюнуна окшошуп кетет экен. Өзүм көк бөрүгө кызыккандыктан ушул оюнду окуучуларыма үйрөтүп көрүүнү чечтим. Ошентип Регби боюнча Бишкекте өтө турчу турнирди угуп окуучуларымды машыктырдым. Окуучуларым эмгекти актап 2-орунду камсыздашты. Жакын арада Казахстанда Регби  боюнча өлкөлөр аралык турнир өтөт экен, ошол жакка жолдомо алдык. Буюрса ал жактан дагы жакшы ийгиликтерди жаратабыз деп ойлойм.
Бөлүшүү

Комментарийлер