Бишкекте «Мугалим – өзгөрүүнүн өзөгү» аттуу республикалык форум өтүүдө
- 29.06.2026
- 0
БИШКЕК, 29-июнь. Бүгүн борбор калаадагы «Ololo Planet» борборунда Мугалим – өзгөрүүнүн өзөгү» аттуу педагогдордун республикалык форуму өз ишин баштады.

Иш-чара Кыргыз Республикасында «Алтын Казык» программасынын негизинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасынын алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу максатында уюштурулду.
Форумдун алкагында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана инновациялык идеялар менен бөлүшүү боюнча иштер жүрүүдө. Иш-чара педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү аянтча катары бааланууда.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Бөлүшүү






Комментарийлер